Чүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралуудаДепутат Энергетика министрлигинин колл-борборуна 20 мүнөт чала албай койдуМектептердин окуучулары үчүн 238 миңден ашуун иш дептери басылып чыкты
УКМК: Экстремисттик материалдарды тараткан жаран кармалды
21.09.2022 | 10:43
Диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын тараткан аккаунттун ээси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда ЖМ.П. аттуу жаран “Новосибирск – Ош” багыты боюнча Ош шаарынын аэропортуна учуп келгенде кармалган.
Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча иш ачылган.
“Тиешелүү теологиялык экспертизанын жыйынтыгында, аккаунт аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар табылган. Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, – деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом