Баткен: Эвакуацияланган тургундар кандай талаптарды коюшту?

Баткен: Эвакуацияланган тургундар кандай талаптарды коюшту?

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда эвакуацияланган жарандар Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева менен жолугушууда бир нече талаптарды коюшту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл өкүлүнүн Баткен облусунун Лейлек районундагы иш сапары уланууда. Анын алкагында депутат Сүлүктү шаарында эл менен менен жолугушту. Ошондой эле Бешкенттеги, Андархамдагы жана Шоро участогундагы Жаңы-Жер, Кулунду айылдарынан эвакуация болуп келген 300дөн ашуун тургундан кабар алды.

Жолугушууда эвакуацияланган тургундар талап катары чек ара маселесин чечүүнү, абалды тез арада турукташтырууну талапк ылып, калкты дары-дармектер менен камсыз кылуу зарылчылыгы айтышты.

Ошондой эле Жаңы-Жер айыл өкмөтүнөн Маргун, Бешкент айыл өкмөттөрүнө баруучу кошумча айланма жол куруу сунушу көтөрүлдү.

Мындан тышкары, жарандык коргонуу тарабынан тургундарды эвакуациялоо иш-чарасына системалык өзгөртүү киргизүү, эл менен жергиликтүү бийлик органдары ортосунда маалымат бөлүшүүнү жакшыртуу, аскер кызматынын өздүк курамын, курал-жарактарын жаңылоо талаптары коюлду.

Депутат Миргүл Темирбаева айтылган сунуш-пикирлерди тиешелүү мекемелерге жеткирерин айтып, алардын чечилишин өз көзөмөлүнө аларын кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңешинин депутаттары Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Тазабек Икрамов, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо жана Акбөкөн Таштанбеков 18-сентябрда Көк-Таш айылында чек арачылар жана милициянын атайын полку менен жолугушкан.

Мындан тышкары депутаттар Максат, Достук, Арка, Жаштык жана Кулунду айылдарынан келген жарандар менен Маргун айылында жолугушту.

Аталган айылдардын тургундарынын чек арага жана учурдагы абалга байланыштуу орчундуу көйгөйлөрүн угуп, аларга гуманитардык жана каржылык жардам көрсөтүшкөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>