УКМК эл аралык баңгизат тобунун 2 мүчөсүн кармады

УКМК эл аралык баңгизат тобунун 2 мүчөсүн кармады

Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 23-ноябрда жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү Өзбекстандын жараны Х.Ш.Ш. жана Кыргызстандын жараны П.О.А. кармалды.

Атап айтканда, Өзбекстандын аймагына Кыргызстандын жараны, Сузак районуна караштуу Арал айылынын жашоочусу П.О.А. аркылуу баңгизатын ташууга аракет кылган, жалпы салмагы 2 кг 300 гр болгон «чарс» баңгизатын алып жаткан жеринен, Жалал-Абад шаарынын Ленин-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Токтогул» атындагы парктын жанынан Анжиян облусунун 1988-жылы туулган тургуну «Х.Ш.Ш.» кармалган.

Жүзүлгѳн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында  П.О.А.  Жалал-Абад шаарындагы автобекеттин жанынан кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө бөлүмүнө алынып келинген.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, кармалгандар УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди. Учурда бул баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>