Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өттү — видео

Бишкекте сөз эркиндигине арналган жөө жүрүш өттү — видео

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкек шаарында сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүш өтүп жатат.

Акция иликтөөчү журналист Болот Темировдун Кыргызстандан чыгарылгандан кийин уюштурулду. Ага 500дөн ашык адам катышууда.

Акциянын катышуучулары Кемпир-Абад маселеси боюнча кармаган саясий туткундарды бошотууну, Кемпир-Абад суу сактагычын бербөөнү, сөз эркиндигине болгон кысымды токтотууну, ошондой эле иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтарууну талапк ылышууда.

Жүрүшкө чогулгандар Темир жол вокзалынын алдынан Эркиндик бульварынан баштап жөөбасышты.

Андан соң алар «Горький» атындагы сейил багына чейин барышып, ал жерден Кыргызстандын гимнин аткаруу менен аяктады.

Эскерте кетсек, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча апелляциялык арыз каралып, сот журналистти өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарган. Соттун өкүмү дароо аткарылып, Темиров ошол эле күнү кечинде Россияга депортацияланды.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Жөө жүрүш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>