Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-октябрда массалык баш аламандыктарды уюштурган деген айып менен УКМК жана ИИМ биргеликте жүргүзгөн ыкчам араккеттердин алкагында кармалган.
Учурда аталган массалык баш аламандыктын башка да уюштуруучуларына издөө жүрүп, териштирүү иштери башталган.