Каржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет
УКМК: Индияга 3,9 кг алтынды чыгарып кетүүгө аракеттенген жаран кармалды (видео)
05.09.2023 | 17:04
“Манас” эл аралык аэропорту аркылуу дээрлик 4 кг алтынды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны 3-сентябрда болжол менен саат 08:40та “Манас” аэропортунан Индияга 3 кг 985 грамм алтынды чыгарып кетүүгө аракет кылып жатканда колго түшүрүлгөн. Анын алтынга тиешелүү расмий документтери болгон эмес.
Аталган фактыга байланыштуу “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери жана 2 жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
УКМКнын маалыматы боюнча аталган коррупциялык боюнча аткезчилер Индияга бир нече жолу алтын чыгарып кетишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз