Кыргызстандыктар Азия оюндарына спорттун 23 түрү боюнча катышат

Кыргызстандыктар Азия оюндарына спорттун 23 түрү боюнча катышат

Кытайда өтө турган Азия оюндарына кыргызстандыктар спорттун 23 түрү боюнча катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, мелдеш 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт. Ага 40тан ашуун өлкөнүн спортчулары катышат.

Аталган оюндарга Кыргызстандан 230дан ашык киши барат. Анын ичинде спортчулар, машыктыруучулар, медицина кызматкерлери, кураторлор жана басма сөз кызматынын өкүлдөрү бар.

Азия оюндарынын программасына жалпы 42 спорттун түрү киргизилген, анын ичинен кыргызстандыктар мелдештерге спорттун 23 түрүнөн катышат: бокс, сууда сүзүү, ок атуу, жаа атуу, дзюдо, оор атлетика, күрөш түрлөрү (кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөшү, грек-рим күрөшү), каратэ, фехтование, жеңил атлетика, каное жана байдаркада сүзүү, заманбап спорттун беш түрү, таэквондо WT, триатлон, волейбол, шахмат, ушу саньшоу, кибер спорт, жиу-житсу, баскетбол 3х3, көркөм гимнастика, футбол, кураш.

Азия оюндары 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Акыркы жолу 2018-жылы Индонезиянын Жакарта шаарында өткөн. Анда кыргызстандык спортчулар 2 алтын, 6 күмүш жана 12 коло медаль жеңген.

Кезектеги Азия оюндары 2022-жылы өтмөк. Бирок Кытайда коронавирус боюнча абал начарлагандыктан 2023-жылга жылдырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>