ИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелетАдылбек Касымалиев Минскте Александр Лукашенко менен жолугуштуКыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койдуКУУнун окутуучусу бешинчи ирет Азия чемпиону болду — окуу жай жеңишти белектер менен белгиледиЭрлан Шеров Азия оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль утту
Нарындын Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу бала бакча ачылды
05.09.2023 | 17:29
Бүгүн, 5-сентябрда Нарындын Эмгек-Талаа айылында 75 орундуу “Таберик – Эмгек Талаа” бала бакчасы ишке берилди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Маалым болгондой, аталган бала бакчанын курулушу каражаттын жетишсиздигинен 8 жылга созулуп кеткен.
“Бала бакчанын курулушу 2015-жылы башталып, 8 жылдан бери каражаттын жетишсиздигинен бүтпөй турган. Президенттин көптөн бери токтоп турган социалдык объектилерди бүткөрүү тапшырмасынын негизинде курулуш иши улантылып, жаңы окуу жылына карата айыл элине белек кылынды. Курулуш ишин “М-Стард” курулуш ишканасы жүргүздү. Жалпы сметалык баасы 32 млн сом болуп, республикалык бюджеттен каржыланды”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда бала бакчада 100 бала тарбияланып, 21 кызматкер эмгектенүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом