“РСК банк” Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташат

“РСК банк” Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкы менен кызматташат

“РСК” банкынын башкармалыгынын төрагасы Уланбек Ногаев Кытайга болгон иш сапарында Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын президенти Тан Цзионг менен жолукту. Бул тууралуу финансалык уюмдун жетекчиси билдирди.

Банк жетекчилери Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрү ишке ашыра турган экономика, соода-сатык, инвестиция, транспорт, айыл чарбасы, инфраструктура, ресурстар жана энергетика тармагындагы долбоорлорун каржылоого ири насыяларды бөлүү маселесин талкуулады.

“КМӨБнын активдери 2 триллиондон ашык долларды  түзөт жана бул анын каржылык туруктуулугу менен эл аралык аренадагы аброюн айгинелейт. Ал эми бул банктын экономиканын ар кыл секторундагы долбоорлорду колдоодо жана каржылоодо активдүү роль ойношуна өбөлгө түзүп берет”, — дейт Уланбек Ногоаев.

Ал  “РСК банк” үчүн юань жана АКШ доллары менен насыя линиясын ачуу маселеси маанилүү экенин белгилейт.

Делегация андан сырткары учурдагы корреспондеттик тармакты кеңейтүү жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн Bank of China, Bank of Communication и Industrial and Commercial Bank of China сыяктуу каржы мекемелеринин жетекчилери менен дагы сүйлөшүү жүргүздү.

“Биздин КМӨБ жана башка дагы кытай банктары менен болгон байланышыбыз кызматтарыбызды кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө мындан да көбүрөөк салым кошууга көмөкчү болот деп ишенем”, — дейт Уланбек Ногаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>