УКМК Камчы Көлбаевдин дагы эки шеригин кармады (видео)

УКМК Камчы Көлбаевдин дагы эки шеригин кармады (видео)

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ушул жылдын 14-июлунда Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы — С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан, андан 151 мл сом зыян келтирилген.

Айта кетсек, жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен, алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдавар» автожол бекеттери аркылуу товарларын экспорттоп ташып келишкен.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Криминал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>