Блогер Улукбек Карыбек уулуна кылмыш иши козголду. Чоо-жайы

Блогер Улукбек Карыбек уулуна кылмыш иши козголду. Чоо-жайы

Блогер Улукбек Карыбек уулуна кылмыш иши козголуп, ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-июлда саат 14:35те Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асанова кабар берип, анда белгисиз журналисттер келип, төрөт үйүндө уруксатысыз видео-тасмага тартып жумушуна тоскоолдук кылып жаткандыгын билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган билдирүү ошол эле күнү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу чыгып, ал жерде блогер журналист Карыбек уулу Улукбек жүргөндүгүн, аны төрөт үйүнүн кызматкерлери төрөт үйүнө киргизбей койгондугу аныкталып, ыкчам-тергөө тобу тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Андан кийин ошол эле күнү саат 19:30-20:00 чамасында, блогер журналист У.Карыбек уулу өзүнүн 2 шериги менен төрөт үйүнүн арткы эшигин бузуп, эч кимдин уруксаты жок, санитардык нормаларды сакташпай, тактап айтканда бахила, маска, халат кийбей төрөт үйүнүн кайра жандандыруу бөлүмүнө кирип келген учурда, дарыгерлер санитардык нормаларды сактабагандыгын эскертишип, кирүүгө мүмкүн эместигин айтышканда, алардын талабына баш ийбестен дарыгер Жабар уулу Эрмектин колун кайрып, экинчи дарыгер Джумабекова Аксананы түртүп жибергенде, ал башы менен дубалга тийип, алардын талабына баш ийбестен каршылык көрсөтүп, төрөт бөлүмүнүн экинчи кабатынын эшигин бузуп, төрөттөн кийинки жаткан Ж.Д.дан интервью алып, андан соң төрөт үйүнүн ар бир палатасына кирип, ал жерде төрөттөн кийинки жаткан 10дөй адамдан интервью алгандыгы аныкталган.

Натыйжада, Ош облустук бириккен клиникалык төрөт үйүнө 36 996 сомдук материалдык чыгым келтирилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош облустук ооруканасынын төрөт стационарынын дарыгерлери Э.Д.Ж.уулу жана А.Д.дын денелерине келтирилген жаракаттарынын аныктоо максатында, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарында төрөттөн кийин жатышкан 20 бейтап, төрөт стационарынын башкы дарыгери А.Асановага кайрылуу жасашып, анда блогер Карыбек уулу Улукбек төрөт үйүнө санитардык нормаларды сактабай мыйзамсыз бастырып киришип, уруксатсыз эле тасмага тартып, ар кандай суроолорду берип, бейтаптардын тынчын алышкандыгын жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга жугуштуу оорулар жугуп калышы ыктымал экендигин билдиришкен. Аталган материалдар боюнча учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Улукбек Карыбек уулу өзүнүн фейсбук баракчасына маалымат таратып, ал маалыматта «милиция кызматкерлери кармап, Ош шаарына алып баратышат» деген кабар тараткан.

«Улукбек Карыбек уулу Ош шаардык тергөө кызматына жогоруда айтылган материалдардын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) белгилери менен кылмыш иши козголуп, У. К. Уулуна алгачкы сурак иштери жүргүзүлүп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат Ош ОИИБдин маалыматында.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>