УКМК: Казакстандагы тополоңдо Кыргызстандын эки жараны каза болду

10.01.2022 | 20:58

Казакстандагы тополоңдо Кыргызстандын эки жараны набыт болгон. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары Кыргызстандын 5 жараны кармалып, алардын жакындары менен байланыш түзүлдү.

«Учурда республиканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги Казакстандын тиешелүү түзүмдөрү менен бирдикте жарандарга зарыл саясий-укуктук жана башка жардамдарды көрсөтүүнү улантууда. Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу үзгүлтүксүз консультациялар, тактоолор жүргүзүлүп, бардыгына тиешелүү мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт», – деп билдирди УКМК.

Учурда Казакстандын укук коргоо органдары жарандарды, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын тиешелүү текшерүүгө алууну улантууда. Текшерүү иш-чараларынан кийин алар бошотулат. Буга байланыштуу УКМК Казакстанда жүргөн мекендештерди сабырдуулукка жана түшүнүүгө чакырат.

Scroll to Top