УКМК: Кылычбек Саркарбаев бюджетке 1 миллион сом кайтарды

УКМК: Кылычбек Саркарбаев бюджетке 1 миллион сом кайтарды

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаев мамлекетке келтирилген 1 миллион сом зыяндын ордун толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Ош шаардык спорт комитетин Кылычбек Саркарбаев жетектеп турганда өлкө казынасына келген зыяндар боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө. 

Анын алкагында, аталган комитеттин жетекчилиги документтерди жасалмалап, спортчуларга коротулду деген шылтоо менен бюджеттик каражаттарды кымырып алышканы аныкталган. 

Келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында аудиторлорду тартуу менен тиешелүү текшерүүлөр дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Саркарбаевдин жакындары келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн өз ыктыярлары менен 1 млн сомду төгүшкөн. 

Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>