“Жалалабат электр” ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара менен кармалды 

“Жалалабат электр” ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара менен кармалды 

Пара алып жаткан жеринен “Жалалабат электр” ААКнын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, финансы полициясына жеке ишкер “Жалалабат электр” ААКнын бөлүмдөрүнүн биринин башчысынын үстүнөн карата арыз менен кайрылган. Анда аталган кызматкер келишимдин негизинде жеткирилген товардык-материалдык баалуулуктарды (ТМБ) кабыл алуу үчүн 90 миң сом опузалап талап кылган.

Арыз ээси ошондой эле ал адам дайыма акча талап кылып келген жана ТМБны ар бир жеткирип берген сайын акча алып турганын айткан.

 

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 238-беренеси (кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) менен иш козголгон.

14-январында, опузалап талап кылынган акча каражаттарынын бир бөлүгүн 40 миң сом алып жаткан жеринен, “Жалалабат электр” ААКнын темир-бетон буюмдарын даярдоо цехинин башчысы “К.Б” кармалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>