Олимп оюну: Кыргызстандык лыжачынын мелдешке чыкчу күнү белгилүү болду

Олимп оюну: Кыргызстандык лыжачынын мелдешке чыкчу күнү белгилүү болду

Тоо лыжачысы Максим Гордеев Пекинге учуп келип, Олимпиада шаарчасына жайгашты. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети билдирди.

Оюндар башталганга чейин Олимпиада кыштагында адатта катышуучу өлкөлөрдүн желегин көтөрүү аземи өтөт. Бул салтанат пандемиядан улам токтотулган.

«Олимпиаданын салтанаттуу ачылышы 4-февралга белгиленген. Максим Гордеев 16-февралда мелдешке чыгат”,-деп билдиришти УОК.

Быйыл Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бир спортчу катышууда. Аны машыктыруучу коштоп жүрөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>