УКМК Манас шаарындагы спорт мектебин реконструкциялоодо коррупцияны аныктады: зыян 7 млн сомдон ашты

21.05.2026 | 17:40
передают деньги друг другу

КР УКМК Манас шаарындагы Аймактык олимпиадалык резерв мектебин оңдоп-түзөөдө мамлекетке ири көлөмдө материалдык зыян келтирилген фактыны аныктады. Мекеменин маалыматына ылайык, мыйзамсыз өздөштүрүлүп кеткен каражаттын жалпы суммасы 7 288 597 сомду түзгөн.

Тергөөдө билим берүү мекемесинин жооптуу адамдары подряддык уюмдар менен тымызын сүйлөшүп алганы аныкталган. КР Президентинин фондунан кошумча инфратүзүм курууга жана спортчулар үчүн шарттарды жакшыртууга бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн бул схеманын катышуучулары кымырып алышкан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөөнүн алкагында техникалык көзөмөл боюнча адис К.К.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына (УКЖ) киргизилди. Атайын кызматтар бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштерин улантууда.

Теги: ГКНБ
Scroll to Top