Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
УКМК милициянын капитанын жана эки жаранды кармады
18.12.2023 | 11:19
Жалал-Абад облусунда баңгизат сатууга шектелип милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сузактын Бек-Абад айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкери, капитан К.К. уулу көптөн бери баңгизат сатуу менен алектенип жүргөн. 14-декабрда УКМК менен милиция кызматкерлери аталган капитанды баңгизат сатуу учурунда колго түшүргөн. Аны менен бирге маңзат сатууга катыштыгы бар И.И. жана У.Ш. аттуу тургундар кармалган.
Алардан жалпы 562 грамм баңгизат алынган.
Учурда шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.