Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн. Жашыруун төрөөгө уруксат берүү сунушталды

Ымыркайдын өмүрүн сактап калуу үчүн. Жашыруун төрөөгө уруксат берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева төрөт үйлөрүндө аялдарга жашыруун төрөөгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Эл өкүлү таштанды ымыркайлардын жана аялдардын өмүрүн сактап калуу үчүн бул демилгени көтөрүп чыгып жатканын белгилейт.

Анын айтымында, кош бойлуулугун жашырган аялдар ар кандай антисанитардык шартта көз жарып, саламаттыгына залал келтирүүдө. Анткени төрөт үйлөрү жашыруун төрөттөн баш тартып, аларды кабыл албайт.

“Медициналык мекемелердин башкы дарыгерлеринде жашыруун төрөгүсү келген аялдарды медицина кызматкерлери тарабынан кантип каттоо иш-аракеттеринин регламенти жок болгондуктан, төрөп жаткан аялга медициналык жардам көрсөтпөйбүз, же медициналык мекемелерде төрөттү кабыл алуудан баш тартабыз деп, алардын жеке маалыматтарын ачыктоого мажбурлашат”, — дейт Жылдыз Садырбаева.

Мындан улам депутат төмөнкү чараларды сунуштайт:

  • Жарандык кодекске ылайык (20-берене) жеке турмуштун сырларына кош бойлуулук дагы кошулат;
  • Жашыруун (конфиденциалдуу) төрөн аялдын ымыркайын асырап алуу укугу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө берилет;
  • Баланы асырап алуу ата-энесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынбайт жана ата-энесинин камкордугусуз калган бала жайгашкан мекеменин жетекчиси башында турган комиссиянын курамы менен күбөлөндүрүлөт;
  • Ымыркайдын туулгандыгын жазуу китебине баланын фамилиясы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө берилген фамилиясы боюнча жазылат;
  • Аялдын медициналык мекемеге түшкөнү тууралуу маалымат сыр (конфиденциалдуулукту) бойдон сакталат;
  • Ага кош бойлуу кезинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында акысыз медициналык-санитардык жардам көрсөтүлөт;
  • Турмуштук оор кырдаалда турган аял каалаган төрөт стационарында анын каалоосу боюнча жана турган жери боюнча жашыруун (конфиденциалдуу) төрөгөнгө укуктуу;
  • Төрөт алдында аял төрөт стационарына келип, мекеменин жетекчисине арыз калтырууга жана ошол учурда зарыл болгон бардык текшерүүдөн өтүүгө жана дарыланууга тийиш.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>