УКМК: мыйзамсыз байыган Жогорку Соттун судьясы камакка алынды

УКМК: мыйзамсыз байыган Жогорку Соттун судьясы камакка алынды

Жогорку Соттун судьясы камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМКнын сот системасындагы коррупциялык кылмыштарды алдын алуу жана жок кылуу боюнча иштеринин алкагында Жогорку соттун атуулдук жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы «О.К.Т.» тарабынан мыйзамсыз баюу фактылары аныкталып, кармалды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (мыйзамсыз баюу) менен иш козголгон.

Шектүү кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоого милдеттүү экендигине карабай, тиешелүү киреше булактары жок болсо дагы көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Анын арасында VIP-шаарчадагы элиттик кыймылсыз мүлктөр, алдыңкы курулуш компанияларынан батирлер, Ысык-көлдүн жээгиндеги престиждүү пансионаттардан коттедждер, соода борборлорунда коммерциялык объектилер жана люкс-класстагы автоунаалар бар.

Муну менен бирге «О.К.Т.» жана анын жакын туугандары БАЭ, Турция, Азия жана АКШ курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы аныкталган.

Ал мыйзамсыз кыймылсыз мүлктөрүнүн жашыруу үчүн аларды башка, киреше булактары жок болгон жарандарга каттатып келген.

Ошондой эле коммерциялык ишканалардын бирине, чогу ишкерлик жүргүзүү үчүн декларациясында көрсөтүлбөгөн 150 миң доллар бергени белгилүү болгон.

Мындан сырткары маалыматта шектүү  М.Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктүн бир бөлүгүн улутташтыруу боюнча Убактылуу өкмөттүн Декретин жокко чыгарып, казынага миллиондогон чыгым келтиргени, ал чечими үчүн улутташтырыла турган мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алып алганы айтылат.

[su_image_carousel source=»media: 51790,51789,51788,51787,51786,51785″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>