Видео: УКМК «Ош сила» лотереясын мыйзамсыз ойноткондорду аныктады

Видео: УКМК «Ош сила» лотереясын мыйзамсыз ойноткондорду аныктады

Ош шаары жана облусунда мыйзамсыз лотерея ойноткондор аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, К.К.у. жана Б.М. аттуу жарандар «Лотереялар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен Ош шаарынын жана облусунун аймагында тиешелүү лицензиясын албай, «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, аталган адамдарга Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын түштүк башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерди токтотуу боюнча бир нече жолу эскертүү берилгени менен алар белгиленген көрсөтмөлөрдү эске албай, лотереяны уюштурууну уланткан.

Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди сатып, акчаны М-Банк тиркемеси аркылуу алган жүргөн. Ал эми, лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүлүп турган

Лотереянын уюштуруучулары жашаган үйдө тинтүү жүргүзүү учурунда, ойнотула турган унаалардын документтери, лотерея барабандары, билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган.

«Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп билдирет УКМК.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>