Кыргызстандык хоккейчилер Малайзияны 22:0 эсебинде утту

Кыргызстандык хоккейчилер Малайзияны 22:0 эсебинде утту

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда (В тайпасы) катары менен үчүнчү жеңишке жетти.

Кыргызстандык хоккейчилер Малайзиянын курамасы менен ойноп, аларды 22:0 эсебинде уткан.

Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргызстан, Иран, Гонконг, Малайзия, Сингапур, Босния жана Герцеговина катышууда. Ар бир команда бири-бири менен айлампа түрүндө ойнойт. В тайпасында биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар ушул эле дивизиондун А тайпасында оюн ойноого мүмкүнчүлүк алат.

Биринчи оюнунда кыргызстандык спортчулар Сингапурду 14:2, андан кийин Босния жана Герцеговинаны 10:1 эсебинде жеңген.

Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп жаткан мелдеш 27-февралда башталган, 5-мартта жыйынтыкталат.

Оюндардын жадыбалы:

  • 3 март: Иран — Кыргызстан;
  • 5 март: Гонконг — Кыргызстан.

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык хоккейчилер Сингапурду утту

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>