УКМК пара алып жаткан жактоочунун жардамчысын кармады

УКМК пара алып жаткан жактоочунун жардамчысын кармады

Пара алып жаткан жеринен жактоочунун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) менен козголгон сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 1-мартында жактоочунун жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Мурда, УКМКнын дарегине А.Б.Э аттуу жаран, Аламүдүн райондук сотунун Б.А.М. аттуу кызматкери соттун чечимин тездетүү үчүн опузалап акча талап кылгандыгына чара көрүү тууралуу арызы менен кайрылган.

Кармалган адам, сот имаратында жүргөндө өзүн Аламүдүн сотунун кызматкери катары көрсөтүп, соттук териштирүүнүн мөөнөттөрүн тездетүү боюнча кызматтарды сунуштаган.

2023-жылдын 1-мартында, Аламүдүн сотунун имаратынын жанынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө пара катары акча алуу процессинде адвокаттын жардамчысы Б.А.М. кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Пара УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>