91 жаштагы босниялык кемпир Түркияга соңку акчасын жөнөттү

91 жаштагы босниялык кемпир Түркияга соңку акчасын жөнөттү

Улгайган босниялык аял Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга акыркы акчасын жөнөттү. Бул тууралуу Анадолу жазды.

Андагы маалыматтарга караганда, 91 жаштагы Милка Гребенар Түркияда болгон жер титирөөдөн жабыркагандарга  соңку акчасы менен кошо оюнчуктарды жөнөттү.

Ал Босниянын борборунда аз пенсия менен жашайт. Ошол эле учурда кемпир өзү да pomozi.ba жергиликтүү гуманитардык уюму тарабынан күн сайын бекер тамактанат.

Түркиядагы жер титирөө тууралуу уккан пенсионер пенсиясынын акыркы 5 евросун pomozi.ba кызматкерлерине кырсык болгон аймактагы жабыркагандарга жардам берүү өтүнүчү менен тапшырган.

«Жер титирөө болгон аймактан тартылган кадрлар мени таң калтырды. Ар бир нан майда күкүмдөрдөн турат. Бизде да адамдар көп. Ал эми ар бирибиз бир аздан жардам берсек, анда бул кадам чоң мааниге ээ болот «, — деди ал.

Гребенар бала кезинде оюнчуктары болбогонун белгиледи.

«Биздин ата-энелер оюнчуктарды көп сатып алышчу эмес. Эжем экөөбүз терезелердеги оюнчуктарды гана карай алдык», — деп эскерет аял.

Босниялык аял жабыркаган балдарга да оюнчуктарды жөнөткүсү келгенин айтты.

«Үйдө болгон оюнчуктардын баарын чогулттум. Адегенде үстөлдүн үстүнө коюп, көпкө карап, акыры аларды да жөнөтүүнү чечтим. Кимдир бирөө алар менен ойнойсо абдан кубанычтамын», — деди ал.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында күчү жети баллдан ашкан эки жер титирөө болду. Андан каза болгондордун саны 45 миңден ашты. Жер титирөө Сирия, Ливан, Түндүк Кипр, Грек Кипр жана Ирак сыяктуу коңшу өлкөлөрдө да сезилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>