Ошто милиция оор шартта жашаган эки үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Ошто милиция оор шартта жашаган эки үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Ош шаардык милициясынын коомдук көчмө кабылдамасы тарабынан оор шартта жашаганы аныкталган 2 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык милициянын көчмө кабылдамалары жарандар менен алар жашаган аймактарда жолугушууларды уюштуруп, зарыл учурда арыздарын, сунуш-пикирлерин алууну улантышууда. Ушундай иш-чара учурунда социалдык жактан  оор шартта жашаган 2 үй-бүлө аныкталган.

Бүгүн, 26-июнда шаардык милициянын башчысынын орун басары Акылбек Бекишев аталган эки үй-бүлөдөн кабар алган. Бул бүлөлөрдүн ал-абалы менен таанышып, милиция кызматкерлеринин атынан жардам көрсөткөн.

«Милициянын көчмө кабылдамасы аркылуу Сиздердин бүгүнкү күндөгү  социалдык абалыӊыздар тууралуу маалымат алдык. Жардам көрсөтүүнү чечтик. Буйруса мындан ары дагы колдон келген жардамыбызды аябайбыз. Ар дайым ден-соолукта, амандыкта болуӊуздар», — деди Бекишев.

Жардам алган жарандар милиция кызматкерлерине ыраазычылык айтып, баталарын беришкен

«Бул үй-бүлөлөр тууралуу маалыматтар атайын социалдык жактан коргоо мекемелерине жөнөтүлдү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ушул сыяктуу муктаж адамдарга  камкордук көрсөтүүнү уланта бермекчи», — деп билдиришти милициядан.

Ош шаарында учурда милициянын 4 коомдук кабылдамасы иш жүргүзүп келет.  Ушул жылдын беш айында 137 ирет аймактарга чыгып, 299 жаранды кабыл алышкан. 211 жаранга юридикалык жардамдар көрсөтүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>