Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылбаганын билдирди

Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылбаганын билдирди

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылбаганын Reporter.kg’ге билдирди.

«Суракка чакырылган жокмун. Эч жакка барган жокмун. Жумушта отурам«, — деди ал

Социалдык тармактагы баракчасы аркылуу да суракка чакырылбаганын жазды.

Буга чейин анын УКМКга суракка чакырылганы туурасында Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирген болчу.

Маалым болгондой, анын суракка чакырылышы Жал кичирайонундагы «Батуми» кафесинин буздурулушу менен байланыштуу.

Орунтаевдин суракка чакырылышы боюнча мэриянын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, алар комментарий берүүдөн баш тартып, маалыматты ырастаган да, тастыктаган да эмес.

Эскерте кетсек, буга чейин «Батуминин» ээлери кафенин түрттүрүлүшү боюнча УКМКга арыз менен кайрылган. Жерине УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев өзү барып, кафенин ээлери менен жолуккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>