УКМК Жалал-Абаддан оор кылмышты жасаган чет элдик жарандарды кармады

УКМК Жалал-Абаддан оор кылмышты жасаган чет элдик жарандарды кармады

КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандары М.А. жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн убактылуу кармоочу жайлардан качып чыгып, Кыргызстандын аймагында жашырынып жүргөн Р.Ж.ди Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан кармашты.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар жасалма документтерди колдонуп, андан ары Сириядагы куралдуу кагылышуу аймагына кетүү менен Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жасоо максатында өлкөгө мыйзамсыз келишкен.

Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында кармалгандар Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда, кылмышкерлерге жардам көрсөткөн башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-аракеттери улантылууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>