Кыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөтТажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташатБорбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаны алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзРеволюциялардын өлкөсүнөн эволюциянын өлкөсүнө карай: Султан Раев Кыргызстандын келечеги тууралууЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөт
УКМК: Жасалма диплом сатууга тиешеси бар топ кармалды
15.07.2022 | 18:30
14-июль күнү жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалыматка караганда, О.А.Т. жана Б.С.М. аттуу кыргыз жарандары үч миң АКШ доллары акча каражатына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын жогорку билими тууралуу дипломун Л.А. аттуу жаранга жасап беришкен.
Бул адамдар дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышты.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар