УКМК жихадчы жамаатынын үч мүчөсүн кармады — видео

УКМК жихадчы жамаатынын үч мүчөсүн кармады — видео

Бүгүн, 25-августта УКМКнын Баткен областык башкармалыгы  тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын жашаган жерлерине тинтүү жүргүзүүдө РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги — 49 даана, 5,45 мм. — 5 даана жана 9 мм. — 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.

Кармалган жарандар:

— «Г.у.К», 1993-жылы туулган, «Абу Нур» каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы;

— «П.А.И.», 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат («Кавказ Эмираты» ЭТУнун мүчөсү);

— «К.Д.Р.»,1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

«Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.

Кармалгандардын бири Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Жихад

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>