УКМК журналистти коркуткан кишини тапты

УКМК журналистти коркуткан кишини тапты

Н.М. уулу ал Мээрим Айныкеева менен баарлашуу үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаганын жана тамашалап өзүн УКМКнын кызматкеримин деп тааныштырганын мойнуна алган. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 11-октябрдан 12-октябрына караган түнү Н.М уулу “Шахрезада” ресторанында мас абалында эс алып жаткандыгын, ал жерде мурунку иштеген жеринен тааныш болгон Мээрим Айныкеева да болгонун айтып түшүндүрдү.

Ошол эле учурда Н.М. уулу УКМКнын кызматкери болгон эмес жана кылган ишине өкүнгөнүн айтты.

Учурда Н.М. уулунун кылган иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин журналист Мээрим Айныкеева кафеден чыгып келе жатканда өзүн УКМКнын кызматкеримин деп бирөө коркутканын айтып чыккан эле.

Журналист Айныкеева коркутууга кабылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>