Кыргызстандын жайыттарына мониторинг жүргүзүү үчүн 6,6 млн сомдук көчмө лаборатория берилди

Бүткүл дүйнөлүк Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) Кыргызстандын Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына заманбап көчмө лаборатория тапшырды. Жашыл климаттык фонд тарабынан каржыланган бул техниканын жалпы баасы 6,6 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Лабораториянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Toyota Hilux кызматтык унаасы;
- DJI Mavic 3 Enterprise RTK көп спектрдүү дрону;
- ноутбуктар, күн панелдери, генератор жана башка талаа жабдыктары.
Бул техникалар жайыттардын абалын так жана ыкчам мониторингдөөгө, деградацияланган жерлерди аныктоого жана илимий негизде башкаруу чечимдерин кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Иш-чаранын алкагында ФАО менен тиешелүү мамлекеттик кызматтын ортосунда жайыттарга мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү санариптик системасын өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюлду.
Маалымат үчүн: БУУнун Башкы Ассамблеясы 2026-жылды «Эл аралык жайыттар жана жайыт малчыларынын жылы» деп жарыялаган. Тапшырылган жабдуулар бул багыттагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган.