УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмү жаңы имаратка көчүрүлдү

УКМКнын Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн жаңы имараты 26-августта пайдаланууга берилди, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Ачылышка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын жетекчилиги, өздүк курамы жана УКМК ардагерлери, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсатар Сыргабаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков катышты.

Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлүп, машыгуучу зал жана башка тийиштүү кызматтык жабдыктар менен толугу менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев жаңы имаратты көрүп чыгып, улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруу багытындагы талаптарды эскертип өттү.

Атайын кызматтын Базар-Коргон райондук бөлүмү буга чейин райондук соттун имаратынын бир бөлүгүндө иштеп келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>