Бишкекте Улуттук шахмат академиясы ачылдыИран Ормуз кысыгын ачуу үчүн АКШга жети шарт койду«2028-жылы баарыңыздарды күтөбүз»: Татарстандан келген ансамбль кыргызстандыктарга кайрылуу жасады«Vefa» соода борборунда эскалатордон кулап түшкөн бала ооруканадан чыгарылдыБРИКС өлкөлөрү Нью-Дели декларациясын бир добуштан кабыл алышты — негизгилери13-сентябрь: Кыргызстанда абанын табы +33°C чейин ысыйт, тоо этектеринде кыска мөөнөттүү күн күркүрөшү мүмкүн
УКМКнын кызматкерлери таш баранга алынды
28.09.2019 | 14:58
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдовар” көзөмөл өткөрүү жайында Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин белгисиз адамдар таш барганга алышты. Бул тууралуу аталган түзүм тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлери окуя болгон жерге чек араны кесип өтүүгө бөгөт коюу боюнча тергөө иштерин өткөрүү үчүн барган.
”Белгисиз адамдар тергөө итерине тоскоолдук кылып, кызматкерлерди таш баранга алышты. Жыйынтыгында ыкчам-топтун бир канча кызматкерлери денесинен ар кандай жеңил жаракаттарды алышты”,– деп жазылат маалыматта.
Учурда ИИМ менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдардын өздүгү такталуууда.
Анын жыйынтыгы менен тергөөгө тоскоолдук кылган адамдардын аракетине укуктук баа берилери атылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар