Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Украина: Качкындардын саны 1 миллионго жетти
03.03.2022 | 11:04
Жети күндүн ичинде Украинадан бир миллион качкындын коңшу өлкөлөргө кеткенине күбө болгонун БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди өзүнүн Twitterдеги баракчасына жазды.
“Украинадагы дагы миллиондогон адамдар үчүн ок атышууну токтотууга убакыт келип жетти. Андан көрө алардын өмүрүн сактап кала турган гуманитардык жардам көрсөтүү маанилүү”-деди ал.
Украинадагы салгылашуулар сегиз күндөн бери уланууда. Бүгүн орус-украин экинчи жолу сүйлөшүүлөргө баруучу күтүлүүдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар