Бишкек: Жолдон 771 миллион сом кайда кеткени белгисиз болууда

Бишкек: Жолдон 771 миллион сом кайда кеткени белгисиз болууда

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын карызы 771 миллион сомго жакын. 80 көчөдө иштер бүтө элек. Бул туурасында Бишкек шаардык кеңештин жыйынында  турак-жай коммуналдык чарба жана санариптештирүү боюнча вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди.

«Бир жолду баштайбыз да аягына чыгара бүтүрбөйбүз,  кайра жаңы жолду баштайбыз. Иш кандайдыр бир жол менен бүтүшү керек», — дейт шаардык депутат Казыбек Эргешов

Ал эми Сазыкулов, “азыр бул маселе каралып жатат. Акча бөлүнгөн, бирок кайда жумшалганын эч ким билбейт, кайра акча бөлүнбөйт», — деди.

Ошондой эле бул маселеге “Бишкекасфальтсервис» ишканасынын директору Талант Солтобаев да жооп кайтарды.

«Жалпысынан 80ден ашык көчө бүткөрүлдү. Болжол менен 772 миллион сомдун  250 миллионун  гана документтери бар. 520 миллион сом так сарпталган жок.  Акчанын бир бөлүгү титулдук тизмеде жок көчөлөргө жумшалды», — деди Солтобаев.

«Бул жоопкерчиликсиздик, башталган иш 3-4 жыл мурун башталган, бүгүнкү күндө бардыгын бүтүрүү керек. Бул үчүн кимдир бирөө жоопко тартылышы керекпи?» — деп сурады депутат Эргешов.

Сазыкулов болсо учурдаа бул маселе боюнча бир нече кылмыш иштери каралып жатканын кошумчалады.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>