Наристе даараткананын чуңкуруна кулап каза болдуТүркияда деңиз жээгинен кыргызстандык жарандын сөөгү табылдыБишкектеги №24 мектепте миллион сомдук акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголдуИран менен АКШнын ортосундагы 14 пункттан турган меморандумдун долбоору жарыяланды — толук маалыматСауна, мончо жана тамактануучу жайлар үчүн салык ставкасы төмөндөтүлөтУнаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу акысы бир айга арзандады
Украинада түбү кыргызстандык дагы бир аскер каза болду
19.04.2022 | 13:02
Украинадагы согушта дагы бир түбү кыргызстандык аскер каза болду. Ал Исламжон Камиловдун өлүмү тууралуу маалыматты Орусия элчилигинин коргоо боюнча атташесинин кеңсеси билдирди.
Исламжон Камилов Орусиянын жараны, Куралдуу күчтөрдүн контракт боюнча аскер кызматкери болгону такталган.
Дипломатиялык өкүлчүлүк маркумдун жакындарына көңүл айтты.
Буга чейин атайын операция учурунда түбү кыргызстандык дагы эки жараны Рустам Зарифуллин менен Эгемберди Дорбоев көз жумган.
Украина менен Орусия ортосундагы жаңжал 2022-жылдын 24-февралында башталган. БУУнун соңку маалыматы боюнча, Украинадан 4,5 миллиондон ашуун жаран чыгып кеткен.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар