Икрамов: Бишкектен Ошко чыккандар «согушка» аттангандай болуп калды

Икрамов: Бишкектен Ошко чыккандар «согушка» аттангандай болуп калды

Ош-Бишкек жолунан эл кырылып калды. Бишкектен Ошко чыкса согушка чыккандай эле болуп жатат, аман-эсен келсе экен деп. Анткени, ушул тапта таксилерди эч ким көзөмөлгө албайт. Анын техникалык абалын, аны ким айдап бара жатат эч ким билбейт. Оң рулду унааларга такси кылганга болбойбу, тыюу салынды беле?  Бул суроонуЖогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов тармактык комитеттин жыйынында  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраиловго берди.

Ал эми Исраилов болсо такси жөнүндө эч кандай мыйзам жок экенин түшүндүрдү.

“Таксиге лицензия берүүгө болбойт. Лицензия берилүүчү ишкерликтин түрүнө кирбейт. Ошондуктан “хаос” болуп жатат мыйзамда. Жаңы мыйзам долбоорун алып келдик, баарын нугуна келтирели деп жатабыз”-деди Исраилов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>