Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Кургак учук ооруканасынан качкан бейтаптын сөөгү табылды
19.04.2022 | 13:18
Бүгүн, 19-апрелде Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан З.Р. аттуу 44 жаштагы жаран качып чыгып (мас абалында), Батырканов атындагы каналга өзүн таштагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, айтылган дарек боюнча издөө-куткаруу отрядынан 12 куткаруучу тартылып, сууга аккан жарандын сөөгү табылып, бир-туугандарына өткөрүп берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар