Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Милиционерлердин үстүнөн териштирүү иштери жүрүүдө

Бостеридеги Бекболдун өлүмү. Милиционерлердин үстүнөн териштирүү иштери жүрүүдө

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Золотые пески» пансионатында киши колдуу болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча ишти башында караган милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлеринин үстүнөн териштирүү иштерин Ички иликтөө кызматы жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин иш-аракетине юридикалык баа берилет.

Ошондой эле, окуядан кийин маркумдун агасы менен достору Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери Бекбол Аманкуловдун денесинде «ур-тепкинин издери жок» деп айтканын билдиришкендиктен, коомчулук аларга да чара көрүүнү талап кылып жатканы маалым.

Облустук милициядан билдиришкендей, учурда Бекбол Аманкуловдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча дайындалган Ысык-Көлдөгү жана Таластагы экспертизанын расмий жыйынтыгы элек. Мындан улам эксперттер туура же туура эмес жыйынтык чыгарды деп айтууга болбойт. Ага байланыштуу милиция азырынча аларга чара көрө албайт. Бирок маркумдун туугандары, достору соттук-медициналык эксперт бурмаланган маалымат берди деп айтып жаткандыктан, аталган кызматкердин үстүнөн милицияга арыз менен кайрыла алышат. Милиция арыздын негизинде соттук-медициналык эксперттин иш-аракетин текшерип, юридикалык баа берет.

Эскерте кетсек, 6-августта маркумдун агасы жана достору Бекбол Аманкулов ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап, каза болгонун айтып жатканын, алар ишти жаап коеюн деп жатабы деген күмөн саноосун билдирген. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери маркумдун денесинде жаракаттар жок экенин айтып жатканы айтылган.

14-августта ИИМ Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектелип 4 адам кармалганын кабарлаган. Алардын үчөө — мурда соттолгондор.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган ишти иликтөө учурунда 100 адам сурамжылоого алынып, алардын ичинен 44 киши күбө катары көрсөтмө берген. Алардын арасынан айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү жалган болуп чыккан. Жалган көрсөтмө берген күбөлөрдүн иш-аракетине укуктук баа берилери айтылган.

Бостериде каза болгон Бекболдун өлүмүнө шектүүлөр кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>