Кыргызстанда РФ шайлоосунда Россиянын 2,1 миңден ашык жараны добуш бердиДастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөт
Украинадан чыккан кыргыз жарандары Венгрияга жетти
01.03.2022 | 16:45
Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Элчинин айтымында, айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан маселе жараткан. Аны элчиликтин кызматкерлери жеринде чечип жатканы кабарланды.
Венгрияга эвакуацияланып бараткан 112 жарандын үчөө жолдон багытын өзгөртүүнү чечип, өз алдынча Польшага кетишкен.
28-февралда Украинанын борбору Киевден 112 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткен. Автобустарды элчилик уюштурган, аларды коштоп элчиликтин эки кызматкери барган.
Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл ала турган жай ачылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар