«Укугум тебеленүүдө». Активист Адилет Балтабай президентке кайрылды (видео)

«Укугум тебеленүүдө». Активист Адилет Балтабай президентке кайрылды (видео)

Чүйдүн Сокулук райондук соту абакка камоо тууралуу өкүм чыккан Адилет Балтабай президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, укугуну коргоп берүүнү суранды.

Адилет Балтабай президентке Конституциянын башкы кепили катары кайрылып жатканын белгиледи. Ал былтыр Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы бир нече митинг өткөргөнүн, ошондон кийин “Фейсбуктагы” посттору үчүн “массалык башаламандыктарга чакырык” жасоого шектелип кармалып, кийин соттолгонун айтып өттү.

“Мен кумарканалардын ачылышына каршы акцияларды уюштуруп жүрдүм. Аны элдин баары билет. Бирок айыптоочу тарап соттогу эч бир процессте “кумарканага каршы чыкты” деп айткан жок. Анын ордуна шылтоо кылып “Фейсбуктагы” сын маанайда жазылган постторду бетке кармашты.

Биздин өлкөдө сындоого цензура бар экен. Аны биз жон терибиз менен сездик. Президент Садыр Жапаров отуруп чыккан жакка биз дагы барып, отуруп келдик. Мен “тарбиялык сабактарды” алдым. Менин нааразычылыгым бар. Мен убагында моралдык кенемте төлөнүшү керек деп айтып чыктым. Бирок калыстыктын иши оңунан чыкпай жаткан маалда кенемте талап кылыштын өзү туура эмес экен. Азыр аман жүргөнүңө эле шүгүр деп, Кудай деп жашаганга аргасыз болуп жатабыз”, — деди ал.

Укугу тебеленип жатканын айткан Адилет Балтабай буга чейин Садыр Жапаров өз оюн ачык-айкын билдирген адамдар куугунтукталбай, камалбай турганын убадалаганын эске салып, президентти өз укугун коргоп берүүнү суранды.

“Менин ишимдин калыс каралышын камсыз кылып бериңиз. Себеби мен мыйзам бузган киши эмесмин. Мен сындаган башка сиздин жеке абийириңизге доо кетирген жокмун жана башка кылмыш жасаган эмесмин”, — деди ал.

Ошондой эле ал президенттен камакта отурган бардык активисттерди, саясатчыларды бошотууну өтүндү.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

11-ноябрда Бишкектин Биринчи райондук сотунун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

2023-жылы 12-январда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Кийин 19-апрелде Жогорку сот шаардык соттун өкүмүн жокко чыгарып, Биричи май райондук соттун пробация тууралуу өкүмү күчүндө калтырган. Адилет Балтабай ошол эле күнү абактан бошотулган.

Бирок арадан бир нече ай өткөндөн кийин пробация органы Сокулук райондук сотуна кайрылып, Адилет Балтабай пробация эрежелерин бузганын билдирип, аны камакка алууну өтүнгөн. 10-ноябрда Сокулук райондук соту өтүнүчтү канааттандырган.

Бирок активист кайра камакка алгыдай мыйзам бузбаганын билдирип, кайра камоо аракетин айткан сын пикири үчүн куугунтук катары баалап келет. Учурда алар Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган.

Сокулуктун соту Адилет Балтабайды абакка камоо тууралуу өкүм чыгарды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>