«Тарыхта мындай болгон эмес». Депутат Жапаровду алкады (видео)

«Тарыхта мындай болгон эмес». Депутат Жапаровду алкады (видео)

«Акылбек Үсөнбековичтин оптимизми менен Кыргызстанда жакынкы 5 жылда Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен алдыга озуп чыгат», — деп билдирди Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова.

Ал Министрлер кабинетине ыраазычылык айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде, Акылбек Жапаровдун командасы экономикада алгылыктуу ийгиликтерге жетишүүдө.

«Салык жыйноо боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунга жетишиңиздер менен, ички дүң өндүрүмдүн көлөмү боюнча Армениядан кийинки, 2 орунга чыгышыңыздар менен куттуктайм. Андан сырткары, экономикалык өсүү 8 пайызды түзүптүр. Тарыхта мындай болгон эмес. Эмки жылдын бюджети дагы 10 миллиард сом профицит менен түзүлүүдө.  Бул үчүн эбегейсиз мээнет кылдыңар. Бул темпти басаңдатпагыла», — деди Шарапаткан Мажитова.

Комитет өлкөнүн 2024-жылга бюджетин экинчи жана үчүнчү окууда карады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>