Укук коргоочулар Садыр Жапаровдон балдарды коргоону суранышты

Укук коргоочулар Садыр Жапаровдон балдарды коргоону суранышты

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фонду президент Садыр Жапаровго социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу кайрылды.

«Өлкөдө балдарды коргоо механизми жана атайын социалдык кызматкерлер жок. 2021-жылы 400 бала зордук-зомбулукка кабылган. 2022-жылы үч бала кыйноого жана зордуктоого кабылган. Алардын бири кароосуз калгандыктан тирүүлөй өрттөлгөн.

«Бул өзгөртүүлөр Сиз колдойбуз деп убада кылган Балдар кодексинин жаңы редакциясына киргизилди. Тилекке каршы, Балдар кодексинин жаңы редакциясы Жогорку Кеңеште кармалып турат, аны жокко чыгаргылары келип жатат.

Сизди «Кодекске өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок, 9 миллиард сом кетти» деп адаштырып жатышат.

Бул жалган! Балдар кодексине өзгөртүү киргизүүнүн реалдуу бюджети болгону 160 миллион сомду түзөт.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Сизден Балдар кодексинин жаңы редакциясын кабыл алып, Кыргызстандын балдарын зордук-зомбулуктан коргооңузду суранабыз. Балдар кодексинин жаңы редакциясы боюнча балдарды коргоонун эффективдүү механизмдери тууралуу фактыларды сиздерге далилдеп берүү үчүн бизди, балдардын укугун коргоочуларды жолугушууга кабыл алууңуздарды суранабыз», — деп айтылат фонддун кайрылуусунда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>