Улуттук банк эки жаңы банкка — мамлекеттик «Кылым Банкына» жана жеке менчик «Мурас Банкына» лицензия берди

14.05.2026 | 13:09

Кыргызстандын Улуттук банкы 13-майда улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүүгө бир эле учурда эки жаңы түзүмгө — «Кылым Банк» ААКка жана «Мурас Банк» ЖАКка лицензия берди.

«Кылым Банк» 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар мамлекеттик банк катары түзүлдү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин токтому менен банктын уставдык капиталы 1 млрд сом өлчөмүндө аныкталып, 2027-жылга чейин аны 5 млрд сомго жеткирүү пландалууда.

Ал эми «Мурас Банк» Кыргызстандын Юстиция министрлигинде жабык акционердик коом катары катталган. Банк чет элдик капиталдын катышуусу менен түзүлүүдө — анын жалгыз уюштуруучусу катары Сергей Ентц көрсөтүлгөн.

Reporter.kg маалымкаты: Сергей Ентц — банк чөйрөсүндө, баалуу кагаздар рыногунда жана өнүгүп келе жаткан рыноктордо каржы долбоорлорун башкарууда 30 жылдык тажрыйбасы бар эл аралык инвестор. Ентцтин өзүнүн айтымында, анын стратегиялык максаты — консалтинг, инвестициялык банкинг жана брокердик кызматтарды көрсөткөн эл аралык платформаны түзүү. Ал «Мурас Банктын» алкагында эл аралык фондулук биржаларда кыргызстандык баалуу кагаздар жана активдер менен операцияларды жүргүзүүгө басым жасоону көздөйт.

Scroll to Top