Жолдор, спорттук объектилер жана ипподром: Сокулукта кандай долбоорлор ишке ашырылуудаУКМК: №19 абактын жетекчиси пара талап кылууга шектелип кармалдыДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медициналык жардам көрсөтүүчү пункттар уюштурулат«Жунда» мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо: завод Евро-5 стандартындагы күйүүчү май чыгарууга өтүүдөУКМК Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 303 чет элдикти аныктадыУрмат Абдукаимов футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды
Бишкекте алты көрүстөн жаңы сөөк коюулар үчүн жабылды
14.05.2026 | 13:15
2026-жылдын 11-майынан тартып Бишкек шаарындагы алты көрүстөндө маркумдардын сөөгүн коюуга жана мурда коюлган сөөктөрдүн жанына кошумча сөөк коюуга (подзахоронение) тыюу салынды. Чечим шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундуларынын негизинде — санитардык жана экологиялык талаптарга жооп бербегендигине, ошондой эле бош жер тилкелеринин жоктугуна байланыштуу кабыл алынды.
Сөөк коюу төмөнкү көрүстөндөрдө токтотулду:
- Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги;
- «Энесай» конушундагы Орхон жана 11-Энесай көчөлөрүнүн кесилишиндеги;
- «Көк-Жар» конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишиндеги;
- Орто-Сай айылындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндөгү;
- Михаил Лермонтов жана Иван Мичурин көчөлөрүнүн кесилишиндеги;
- Төмөнкү Ала-Арча айылындагы Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишиндеги.
Мэрия шаар тургундарынан маркумдун сөөгүн коюуну уюштурууда киргизилген чектөөлөрдү эске алууну суранат. Иштеп жаткан көрүстөндөр тууралуу маалымат алуу үчүн «Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги» муниципалдык ишканасына кайрылуу зарыл.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом