Улуттук банк «КИВИ банктын» Кыргызстандагы каттоосун жокко чыгарды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, «КИВИ банк» (акционердик коом) — Россияда түптөлгөн кредиттик уюм. Анын өз өлкөсүндө банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы чакыртылып алгандыктан, Кыргызстанда да CONTACT эл аралык акча которуу системасынын жана «КИВИ» эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары каттоосу жокко чыгарылды.