Улуттук банк насыя тарыхындагы маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты

01.08.2026 | 11:00
Улуттук банк насыя тарыхындагы маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартты — Новости Кыргызстана

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жарандардын насыя тарыхындагы кредиттик маалыматтарды сактоонун жаңы мөөнөттөрү киргизилгенин билдирди.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, оң кредиттик маалымат эми мурдагы 7 жылдын ордуна 5 жыл сакталат. Терс кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтү 5 жылдан 2 жылга чейин кыскартылды. Ал эми 30 миң сомго чейинки насыялар боюнча терс маалымат болгону 1 жыл сакталат. Ишмердүүлүгү токтотулган кредиттик маалымат берүүчү тарабынан берилген маалыматтар да мурдагы 5 жылдын ордуна 2 жыл сакталат.

Мында терс маалыматтарды сактоо мөөнөтү карыз толугу менен төлөнгөн күндөн тартып эсептелет. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин төлөмдүн кечиктирилгени тууралуу маалымат кредиттик тарыхтан чыгарылат.

Улуттук банк ошондой эле өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал учурунда милдеттенмелердин аткарылбаганы карыз алуучунун терс кредиттик тарыхына киргизилбей турганын тактады.

Scroll to Top