Алдамчылыкка айыпталган жаран Грузияда кармалып, Кыргызстанга экстрадицияландыУлуттук банк 2026-жылдагы пайдасын толугу менен мамлекеттик бюджетке которотЕӨБ Кыргызстанда агроазык-түлүк паркын түзүүгө 370 миңден ашык доллар бөлөтМанас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылдыКыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталуудаОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулду
Аптаптуу ысык +39°Cге чейин: 1-августка карата аба ырайы
01.08.2026 | 10:00

Бүгүн, 1-августта, өлкөнүн бардык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт, күндүз Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15–20 м/с чейин күчөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн 17…22°C, күндүз 34…39°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 14…19°C, күндүз 32…37°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 34…39°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 34…39°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 19…24°C, күндүз 34…39°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 26…31°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 10…15°C, күндүз 19…24°C;
- Бишкек шаарында түнкүсүн 20…22°C, күндүз 36…38°C, жаан-чачын күтүлбөйт;
- Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн 15…17°C, күндүз 26…28°C, жаан-чачын күтүлбөйт.
31-июлдун таңында Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 22,4°C түздү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: погода