Бишкектен Шарм-эль-Шейхке учкан каттамдар келе жаткан кыш мезгилине токтотулдуАКШдан Кыргызстанга баңгизат ташууга шектелген жаран кармалып, өлкөгө алынып келиндиСадыр Жапаров: Талас облусунда 350 орундуу оорукана жана үч медициналык борбор курулатМСК кыйыр салыктар боюнча отчетту автоматтык текшерүү функциясын киргиздиАламүдүн районунда 70,5 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБалдарды мите курттардан кантип коргоо керек: Бишкектеги адистердин сунуштары
Улуттук банк сомдун кунун кармап калууга 33 млн доллар сатты
28.09.2021 | 09:51
Улуттук банк ушул жылдын апрель айынан бери биринчи интервенцияны жүргүздү. Бул тууралуу аталган банктын расмий сайтына жазылды.
27 -сентябрда Кыргызстандын Улуттук банкы валюта рыногуна чыгып, дароо 33,1 миллион доллар сатты. Бул быйылкы эң ири бүтүмдөрдүн бири.
Эске салсак, буга чейин жалпысынан 270 миллион 450 миң долларга алты интервенция ишке ашырылган, бирок жыл башынан бери сомдун АКШ долларына карата курсун турукташтыруу үчүн 303 миллион 550 миң доллар сарпталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика