Кабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болдуБишкекте Улуттук педагогикалык форум өтүүдө«Кыргыз керемети» жана «Мосфильм»: кадр артында калган окуяларКыргызстанда 8 райондо суу менен камсыз кылуучу райондук ишканалар түзүлөтКыргызстанда социалдык кызматкерлердин айлык акысы 40 миң сомго чейин көтөрүлдү
Чүй: Кайыңдыда май ташуучу унаадан өрт чыкты (ВИДЕО)
28.09.2021 | 09:25
Кайыңдыдагы эткомбинатта мунай зат таашуучу цистернадан бензин куюп жаткан учурда өрт чыккан. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, цистернанын көлөмү 3 миң кубту түзөт. Өрт саат 20:55те чектөөгө алынып, 21:17 толук өчүрүлдү.
Айдоочу колунан жеңил жаракат алып, тез жардам кызматы алып кеткен. Учурда абалы жакшы.
Жергиликтүү куткаруучулар “Каинды Ойл” ишканасынан ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү 1 даана өрт өчүрүүчү авто унаасындагы өрттү өчүргөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом