Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинен төрт адам кармалды

Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинен төрт адам кармалды

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМКга мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин 8 млрд сомго «Росинбанк» ААКсынын (учурда «Керемет Банк» ААКсы) акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуудагы мыйзамсыз иштери тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Ал эми, бул банктын иши ачык эле кирешелүү эмес жана активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Кылмыш иштин алкагында Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н. жана Т.А. ошондой эле, башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А. жана С.Н. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Тергөө келтирилген зыяндын так өлчөмүн, ошондой эле, бул кылмышты жасоого катышкан бардык адамдарды аныктоо иштерин улантууда.

Улуттук банктын башкармалыгынын мурдагы мүчөсү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>